Редакцияот 06.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин  бешинчи  чакырылышынын кезектеги  XXXII сессиясы

 

2016-жылдын 6-январы № 01

К. Хидировдун депутаттык укугун бекитуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 143 токтомун бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 18-сентябрындагы токтомунда көрсөтүлгөндөй А.Айдаровдун депутаттык укугу токтотулуп кезекте турган Кызыл-Бел айылынын тургуну К.Хидировдун депутаттык укугу бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М. Надировага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Каламбеков