Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 5
Алга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек тартиби жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек тартиби жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек жана аткаруучулук тартибин катуу көзөмөлгө алуу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акбаралиевге тапшырылсын.
2. Алга айылдык кеңешинин кезектеги V-чакырылыш кезектеги 15-сессиясына коюлган аппарат кызматкерлеринин тартиби жөнүндөгү маселе ар бир кызматкерге жеткирилсин.
Төрага | Н. Пазылов |