Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 7
Алга айыл өкмөтүнүн 05.01.2016 жыл № 02-12/11 буйругун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 29.05.2008-жылдагы № 99 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү Мыйзамына негиз “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун калктуу конуштардагы жер участокторун тактоо, жерге жайгаштыруу, жер участокторун кызмат көрсөтүү жана комерциялык багытта аукцион аркылуу сатууну уюштуруу, жер участокторунан максаттуу натыйжалуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Алга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 29.05.2008-жылдагы № 99 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү Мыйзамына негиз “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун калктуу конуштардагы жер участокторун тактоо, жерге жайгаштыруу, жер участокторун кызмат көрсөтүү жана комерциялык багытта аукцион аркылуу сатууну уюштуруу, жер участокторунан максаттуу натыйжалуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча түзүлгон комиссия курамын түзүү жөнүндөгү Алга айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 02-12/11 буйругу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алга айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Батыровага тапшырылсын.
Төрага | Н. Пазылов |