Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 9
Алга айыл өкмөтүнүн аймагынан таштандылар таштоочу жана Беккеря чуңкурун казуу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн аймагынан таштандылар таштоочу жана Беккери чуңкурун казуу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Алга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн аймагынан таштандылар таштоочу жана Беккери чункурун казуу үчүн Алга айылынын тундук батыш тарабынан 0,52 га жер аянтына уруксат берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кадамжай райондук мамкаттоо башкармалыгынан жана Кадамжай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акбаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Пазылов |