Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 7
Бардыгы-21-депутат
Катышышты-16 депутат
«Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси боюнча меселени угуп жана талкууга алып “Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын дифференцирлөө үчүн коэффиценттери” жөнүндөгү 7-беренеге тиркемеде көрсөтүлгөн: калктуу конуштардын жерлерине тиешелүү баа берүү жалпы зоналык аймактарга комплекстүү баа берүү мамилеси К-1 экономика-пландаштырылган зона катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. Жогоруда көрсөтүүлөргө ылайык жана аларды эске алуу менен Чалдовар базары дем алыш күндөрү гана өз ишин жүргүзөт, жыл ичинде болгону 48 жумуш күнү болот, кичи-базар, базарларга жана базарларга салыштырмалуу түшкөн кирешеси бир нече төмөн, базарды тейлөө боюнча өзгөчө күнүмдүк баанын көтөрүлбөгөндүгүнө карата максатты ишке ашыруу үчүн Фрунзе айылдык кеңеши кабыл алган
ТОКТОМ:
1. ЖЧК “Артель-О” Чалдовар базарынын, айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн К-1=0,3 жер салыгы 2017-жылга чейин бекитилсин.
2. Айыл аймагынын каржы бөлүмү ЖЧК “Артель-О” Чалдовар базарынын, айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн К-1=0,3 жер салыгын эске алуу менен бул токтом тууралуу Панфилов районунун МСИсине маалымдалсын.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдүккө алуу милдети Фрунзе айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Д. Сманкулов |