Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 18/1
Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2015-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджеттин бекитүү” жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2016-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, Ак-Таш айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында талкуланып, депутаттардын Ак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2015-жылда 13033,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11658,8 миң сомго, киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 2136,7 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 2136,7 миң сом өлчөмүндөгү калдык кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2016-жылга карта Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жалпысы 10845,0 миң сом анын ичинен атайын счет 2004,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга карата планы 11231,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга карата 11456,5 сомго жеткирүү жагы каралсын.
6. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата 11656,5 сомго жеткирүү жагы каралсын.
7. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 19 штат анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү адис коэффициенти менен), кенже кызматкерлерге 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
8. 2016-жылдын бюджетин аткарууда Ак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Абдиллажановага жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, толуктоо укугу берилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Орунбаев |