АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 18 сессиясы (бешинчи шайланган)
2016-жылдын 22-февралы № 18/3
“Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жеке-менчик үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү токтомду бекитип берүү жөнүндө”
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган тургундарына жеке-менчик үй куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 25.01.2016-жылдагы № 1 токтомун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,32-статьяларына ылайык, Ак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашаган тургундарына жеке-менчик үй куруу үчүн тизмедеги ар бир жарандарга 0,08 га жер тилкелерин Отуз-Адыр (Беш үй) участкасынан ажыратып тизмеге ылайык берилсин.
2. Аткарууга алуу жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин жер боюнча түзүлгөн комиссиясы жана Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Турсунбаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Бектировко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орунбаев |