Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-январы № 1/1
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 12.03.2013 №54 буйругун жетекчиликке алып Сары-Могол айылында коомдук тартипти жолго коюу боюнча Сары-Могол айылынын жамааттарынын суроо талаптарын талкуулап Сары-Могол айылдык кеңеши тѳмѳнкγчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук жайларда, Сары-Могол айыл базарында жана базар ичиндеги ашканаларда, айыл иинде арак сатылган γй-бγлѳѳлѳргѳ, Пэрити-коал кѳмγр кенини жанында мыйзамсыз арак саткан комоктор, дγкѳндѳр ушул токтомдун негизинде мыйзам чегинде жазана салынып айылдык милиция бѳлγмγ тарабынанкаттуу контролдукка алынсын.
2. Коомдук жайларда, базарда мас абалында жγргѳн жарандарга милиция бѳлγмγ тарабынан контролдукка алынсын жана тартип жѳнгѳ салынсын.
3. Жазана боюнча тγшкѳн салыкты жергиликтγγ бюджетке багыттоо, кантролдоо милдети айылдык кеңешинин салык, бюджет, пландоо боюнча комитетинин торагасы Ж. Исмаиловко жγктѳлсγн.
4. Ушул токтомдун милиция бѳлγмγ тарабынан коррупциялык жол менен аткарылбашына жана ушул маселе боюнча эл арасындагы келишпестиктерди чечуу жагы айылдык кеңештин укук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы К. Нурмаматовко жγктѳлсγн.
5. Бул токтом жарыяланган кγндѳн баштап кγчγнѳ кирет.
6. Токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен каттоодон ѳткѳрγп жана контролдоону айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевке жүктөлсүн.
Төрага | А. Нишанов |