Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 2/2
Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн жергиликтγγ бюджетинин 2014-жылдагы киреше бѳлγгγнγн ѳздγк кирешелеринин пайдаланылбай калып 2015-жылга ѳткѳн калдык акчалары боюнча Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевтин билдирγγсγн угуп жана талкуулап Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн жергиликтγγ бюджетинин ѳздγк кирешелеринен 2014-жылдан 2015-жылга ѳткѳн калдык акча каражаттары чыгаша бѳлγгγнѳ 2015-жылдын 2-кварталына тѳмѳндѳгγдѳй болуп кошумча планга киргизилсин:
З-706 статья 31113320 (жолдорду кап ремонттоо) 1684,8 миң сом.
2. Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн жергиликтγγ бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлγгγнѳ 2015-жылдын 2-кварталына жогоркудагы ѳзгѳртγγлѳрдγ кошумча планга киргизип берγγ Алай райондук каржы бѳлγмγнѳн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевке тапшырылсын.
4. Жогорудагы акча каражаттарын ѳз максатында пайдаланууну камсыз кылуу Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысы Р. Саитовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Нишанов |