Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 2/3
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳ» КР Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жѳнγндѳ» КР Мыйзамынын 4-беренесинине ылайык Алай районунун Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн жайыт комитетинин 17-февраль 2015-жылдагы № 1 протоколунун негизинде депутаттардын 1-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл округунун жайыт пайдаланучулар бирикмесине жайыт жерлерин пайдаланууну жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктар ѳткѳрγлγп берилсин.
2. Мурдагы жылдарга бекитилип жγргѳн жайыт планын 22707 га жерге бекитилип жγргѳн 60173 сом салык акчасы кыскартылсын.
3. 2015-жылга шарттуу малдын санына жараша 9343 га жер пайдаланышат, ошого 2 сом 65 тый. салыгын кѳбѳйткѳндѳ 24758 сом бекитилип берилсин.
4. Жайыт комитетинин тѳмѳндѳгγ сунуштары бекитилсин: 2015-жылга жайыт пайдалануучулар γчγн–акы тѳлѳѳнγн ѳлчѳмдѳрγ ийри мγйγздγγ мал–бир мал γчγн - 65 сом, кой эчкилер - бир мал γчγн 13 сом, жылкылар γчγн – бир баш γчγн 100 сом.
Эшектер – бир баш γчγн 50 сом.
Башка айыл ѳкмѳтγнѳн келген малдар γчγн:
Ири мγйγздγγ мал-120 сом.
Кой эчкилер γчγн-130 сом.
Жылкылар γчγн-200 сом.
5. Жайыт салыгы мал башына тѳлѳнсγн жана 110000 сомго бекитилсин.
6. Ушул убакка чейинки жайыт комитети оңдогон жайыт жолдору жана коюлган шакекчелер айыл ѳкмѳтγнγн балансына ѳткѳрγлсγн.
7. Салыктан тγшкѳн каражаттарды контролдоо айылдык кеңештин салык жана бюджет боюнча комиссиясынын тѳрагасы Ж. Исмаиловго тапшырылсын.
8. Жайыт комитетинин курамынын сунуштарынын жана арызынын негизинде башка райондон ѳкмѳттѳрдѳн Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн жайлоосуна 2015-жылы эч кандай мал жайыт γчγн киргизилбесин жол Б. Примовдун биздин территориядагы жайланган малдардын ветеринардык абалы жана айыл окмоту менен болгон келишими такталсын
9. Бул токтомдун аткарылышын Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевге милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом жарыяланган кγндѳн баштап кγчγнѳ кирет.
Төрага | А. Нишанов |