Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-марты № 3/4
Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевдин билдирγγсγн жана Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн жашоочусу Турдуев Калназардын арызын карап Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турдуев Калназардын арызынын негизинде 2-топтогу майып экендигин жана ѳтѳ жакыр γй-бγлѳѳ экендигин эске алып, учурда дарылануу γчγн каражатка муктаж экендигине байланыштуу айыл ѳкмѳт тарабынан 710 статьядан 10 000 (он миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде акча бѳлγп берγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысы Р. Саитовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳт башчысы А. Курмушуевке тапшырылсын.
Төрага | А. Нишанов |