Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 4/2
Сары-Могол айылдык округунун башчысы А. Курмушиевдин Сары-Могол айылындагы «Гүлбурак» балдар бакчасында бир группа ачуу боюнча баяндамасынын негизинде Сары-Могол айылдык кеңеши талкуулап төмөнкүчө токтом кылат :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү айыл тургундарынын өтүнүчтөрү боюнча «Гүлбурак» балдар бакчасында бардык шарттары болгондуктан 1 группа (тайпа) ачууга Сары-Могол айылдык кенеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл округунун башчысы А. Курмушуевге жүктөлсүн.
3. Кошумча бир группаны ачуу боюнча 2015-жылдын 2-кварталына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бѳлγмγнѳн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзөмөлдөө жооптуу катчы Н. Саитовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Нишанов |