Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 5/1
Сары-Могол ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-февралындагы Сары-Могол айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын 1-сессиясында бекитилген № 1 токтомунун негизинде бекитилген акча каражаттарын жылдырууга макулдук берγγ жѳнγндѳ
Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун Гγлчѳ айыл өкмөтүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата ачылып жаткан «Жеңиш паркына» Гγлчѳ айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 193 сандуу кайрылуусун карап чыгып райондун социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнѳ кошкон салым катары макулдашуунун негизинде 50000 (элγγ миң) сом акча каражаты Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн ѳздγк кирешелеринен кошумча тγшкѳн акча каражатынын эсебинен 706-бѳлγмγнγн ички жолдорду кап. оңдоого коюлган 3111-статьясынын 708-бѳлγмдγн клубуна 2215-статьясына жылдырылып, жардам берγγ каралсын.
2. Алай районунун Гγлчѳ айыл өкмөтүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата ачылып жаткан «Жеңиш паркына» Сары-Могол айылынын Улуу Ата-Мекендик согушка катышкандардын баардык тизмесин толук жаздыртуу жоопкерчилиги айыл ѳкмѳт башчысы А. Курмушуевке милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы акча каражатынын пайдаланышы боюнча жазылган тизмелерди тактап алуу, аткарылган иштердин актысын алуу жана отчетун алып учетун жγргγзγγ ФЭБ башчысы Р. Саитовко жγктѳлсγн.
4. Сары-Могол Айыл ѳкмѳтγнγн жергиликтγγ бюджетинин чыгаша бѳлγгγнѳ 2015-жылдын 2-кварталында жогорудагы ѳзгѳртγγлѳрдγ кошумча киргизип берγγ Алай райондук каржы бѳлγмγнѳн сурасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевке жүктөлсүн.
Төрага | А. Нишанов |