Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-майы № 6
Сары-Могол айыл ѳкмѳтγндѳ АРИС эл аралык уюму менен ПСИ-3 долбоору боюнча иш аткаруу жѳнγндѳ
Сары-Могол айыл ѳкмѳтγндѳ АРИС эл аралык уюму менен ПСИ-3 долбооруна долбоор жазып иш алып баруу максатында Сары-Могол айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Курмушуевдин 14.04.2015-ж № 41 буйругунун негизинде тγзγлгѳн конкурстук комиссиянын чечимине таянып жана айылдагы негизги кѳйгѳйлγγ маселелерди карап чыгып жана талкуулап Сары-Могол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС эл аралык уюму менен ПСИ-3 долбооруна проект жазып иш алып жγргγзγγ γчγн аныктаган конкурстук комиссиянын чечими айылдык кеңеш тарабынан жактырылсын жана айылдык маданият γйγн курууга долбоор даярдап иштешγγгѳ макулдук берилсин.
2. АРИС уюму менен иштѳѳдѳ коомчулук тарабынан чогултулуучу 3,75% салымды жаматтардан жана жергиликтγγ бюджеттин эсебинен кошумча кирешелерден топтолсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнγ ѳзγмѳ калтырамын.
Төрага | А. Нишанов |