Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 7/2
Сары-Могол айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары “Перити-Коал” жоопкерчилиги чектелген коомунун Сары-Могол айылындагы Кызыл-Булак участкасынын “Түштүк” жана “Түштүк фланг” участкасынан көмүр кен казып алуу боюнча жазган 04.06.2015-ж. № 133 сандуу арызынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген №3631 СЕ (С-115-04) номерлүү лицензиясын карап, талкуулап чыгып Сары-Могол айылдык кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Перити-Коал” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген № 3631 СЕ (С-115-04) номерлүү лицензиясынын негизинде Сары-Могол айылдык аймагынын Кызыл-Булак участкасынан 238,47 га жер жаны калдык багытта пайдалануу үчүн, 25,53 га жер көмүр казып алуу үчүн 2028-жылга чейин тоо кең иштерин жүргүзүүгө убактылуу макулдук берилсин.
2. 264 га жерден көмүр казып сатууудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Сары-Могол айыл өкмөтүнүн казынасына төгүлсүн.
3. Ушул жогорудагы 264 га жерди “айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспортунун, байланышынын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А. Курмушуевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Нишанов |