Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-ноябры № 13/2
Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А. Курмушуевдин баяндамасындагы Сары-Могол айлынын тургуну Жанибек уулу Улукбектин турмуш шарты жетишбегендиги ден-соолугуна байланыштуу дары дармек сатып алуу үчүн акча каражаты керектиги жөнүндөгү Айыл өкмөтүнө жазган арызын карап чыгып айылдык кеңештин депутаттары төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айылынын тургуну Жанибек уулу Улукбекке дары-дармек сатып алуу үчүн Сары-Могол айыл өкмөтүнүн бюджетинин 710-бөлүмγндө сметада каралган акча каражатынын эсебинен 10 000(он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А. Курмушуевге жана ФЭБ башчысы Р. Саитовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Нишанов |