Загрузка документа…
САРЫ-МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-ноябры № 13/3
Сары-Могол айыл участкасына таштанды таштоочу жайга жана “Беккера” чункурун салууга жер берүү жөнүндө
Сары-Могол айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн Сары-Могол участкасына таштанды таштоочу жайга 0,5 га жана “Беккера” чункурун салууга 0,5 га жер участогу чектелип берилсин.
2. Токтомдун негизинде жер учаскасын тактап иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы райондук архитехтура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Тиешелүү документерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жерге жагаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жер жана ОКМ боюнча адисине милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нишанов |