Загрузка документа…
КѲК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-августу № 7
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин 2015-жылдын атайын каражаттар эсебине түшкөн кошумча кирешени бөлүштүрүү жөнүндө Көк-Сай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылдык аймагынын бюджетинин атайын каражаттар эсеби боюнча 2015-жылга бекитилген сметасына кошумча ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 104800 (жүз төрт миң сегиз жүз) сом акчалай каражаты киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Чыгаша бөлүгү төмөнкү тармакка чыгымдалышы бекитилсин.
3. Көк-Сай айыл өкмөтүнүн бала бакчасына тамак аш чыгымына 104800 сом чыгымдалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитилген чыгым статьялары боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрайым | Б. Султаналиева |