Загрузка документа…
КѲК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-ноябры № 6
Көк-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин мамлекеттик актысы жоктугуна байланыштуу айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз республикасынын Өкмөт башчысы Т.А. Сариевге Жогорку Кеңештин спикери А.Ш. Жээнбековго, Жогорку Кеңешке Кара-Буура районунан депутат болуп барган депутаттарга айыл өкмөттүн жана айылдык кенештин атынан Кара-Буура жаратылышты коргоо улуттук паркынан Көк-Сай айылдык аймагына тиешелүү жайыт жерлерин ажыратып берүү жөнүндө кайрылуу каты жазылып жөнөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Сай айылдык аймагынын башчысы К.Ш. Мамбетовго жүктөлсүн.
Төрайым | Б. Султаналиева |