Загрузка документа…
КѲК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-апрели № 7
Кайнар айылынын “Бел” каналынын γстγнѳ мал дарылоочу купка куруу γчγн жер бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Кѳк-Сай айылдык аймактык кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайнар айылынын “Бел” каналынын γстγнѳн мурунку совхоз учурунда силос кѳмγγ γчγн ямасынын орду № 432 контурунан 0,30 сотых жер аянты мал дарылоочу купка куруу γчγн Касымбеков Эмилбекке жγктѳлсγн. Курулган купка айыл ѳкмѳтγнγн балансында болсун. Ижара Касымбеков Эмилбек менен айыл ѳкмѳтγнγн келишиминин негизинде бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тиешелγγ иш кагаздарын бγтγрγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн жер адиси А. Айталиевге милдеттендирилсин. Келишимдин негизинде.
Төрайым | Б. Султаналиева |