Загрузка документа…
КѲК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-апрели № 11
Жайыт мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу малчы-фермерлерге айыптарды белгилѳѳ жѳнγндѳ
Кѳк-Сай айылдык аймактык кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитети менен келишим тγзбѳстѳн сырттан мал алып келген малчы-фермерлерге ар бир баш мал γчγн кой-эчкиге 50 сом ири мγйγздγγ мал жана жылкылар γчγн бир башына 200 сом ѳлчѳмγндѳ айып акчасын салуусу белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин кеңеши тарабынан сунушталып айылдык кеңештин сессиясында бекитилген бааларга ылайык, жайыт акысын алдын ала тѳлѳбѳстѳн ѳз алдынча тоого кѳчγп кетишкен малчы-фермерлерге айып акысы бир баш майда мал жандыкка кой-эчкиге 50 сом, бир баш ири мγйγздγγгѳ бодо жана бир баш жылкыга 200 сом болуп айып ѳлчѳмγ белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын жана акткаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Джаманкулов А. жγктѳлсγн.
Төрайым | Б. Султаналиева |