Загрузка документа…
ЧYЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 29/2
“Чүй айылындагы Туткабай Ата көчөсүн Полевая көчөсүнө өзгөртүү жөнүндө”
Чүй айылдык кеңешинин 2005 - жылдын № 7/6 Токтомунун аткарылбагандыгына байланыштуу жана Чүй айылдык кеңешинин Чүй айылынын Туткабай Ата көчөсүнүн (мурунку Полевая көчөсү) тургундарынын кайрылууларынын негизинде Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айлындагы Туткабай Ата көчөсү, мурунку “Полевая” атындагы көчө болуп калтырылсын.
2. Чүй айылдык кеңешинин 2005 – жылдын 25 – апрелиндеги № 7/6 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул Токтомду белгиленген мыйзамдын тартибинде Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине каттоого өткөрүү иши Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Кожоналиевге тапшырылсын.
4. Көчөнүн аталышына кеткен чыгымдар Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин этика боюнча комиссиясынын төрагасы Ш. Чотбаевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Доконов |