Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 4
1. Шадыкан айыл аймагынын Солтонбек Көчөрбаев атындагы орто мектептин директорунун кайрылуусун талкуулап актовый зал библиотекасы менен архитектурадан 25-июнга чийдирип иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл аймагынын башчысына М. Ызабековго милдеттендирилсин.
2. Архитектуралык иш кагаздарын бүткөрүү үчүн 20 (жыйырма миң сом) акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүштүрүп, которуп берүү жагы каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Жээнбаевага милдеттендирилсин.
3. Солтонбек Көчөрбаев атындагы орто мектебинин түштүк тарабынан жалпы аянты 230 кв.м жер аянты актовый зал үчүн чиймесин бүткөрүү райондук мамлекеттик архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы Т. Байгончоковго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Байгончоков |