Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 276/36-6
Талас шаарындагы № 5 орто мектебине С. Дүйшөновдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык Ардагерлер кеңешинин кайрылуусун, Талас шаардык № 5 орто мектебинин эмгек жамаатынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин “Көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча“ Убактылуу жобосунун II-бөлүмүнүн талаптарына туура келгендиги жана Талас шаарынын билим берүү тармагынын калыптанышына кошкон зор салымы үчүн кийинки муундарга атын калтыруу максатында , Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы № 5 орто мектебине чыгаан педагог, маркум Саткымбай Дүйшөновдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү мектеп жамаатынын сунушу жактырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине жөнөтүлүп, сессиянын чечимин колдоо жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаарынын биринчи вице-мэрине (А. Койчубеков) жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына(Б. Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |