Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 277/36-6
Талас шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 6 айынын аткарылышынын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 05.08.2016-жылдагы № 01-3/1053 сандуу катынын негизинде Талас шаарынын 2016- жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 6 айынын аткарылышы жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 6 айынын аткарылышы тууралуу отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык «Жаңы Багыт» газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж. Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |