Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 278 /36-6
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө" мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 109 283.7 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 87 754,4 миң сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 121 225,1 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду “Жаңы багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |