Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 279 /36-6
Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2015-2016-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2016-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2015-2016-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын (М. Сопалиев) 2015-2016-жылдын 6 айына карата аткарган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. “Таза - Суу” муниципалдык ишканасы таза сууну үнөмдөө максатында шаардагы тейлөө түйүндөрүнө суу ченемдерин коюу жана 2016-жылга карата 3 млн 639,9 миң сом дебитордук карызды өндүрүүнүн үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык «Жаңы Багыт» газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) мидеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |