Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 280 /36-6
Талас шаарынын Б. Осмонкулов көчөсүндөгү диаметри 400 мм узундугу 180 м. канализация түтүгү жана 6 канализация куурун, Бердике Баатыр көчөсүндөгү диаметри 250 мм. узундугу 1248 м. канализация түтүгү жана 33 канализация куурун “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 05.08.2016-жылдын № 01-4/1055 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Б. Осмонкулов көчөсүндөгү (Ч. Айтматов көчөсүнөн О. Өмүрбеков көчөсүнө чейин), диаметри 400 мм., узундугу 180 м. түзгөн канализация түтүгү жана 6 канализация кууру (колодец), Бердике Баатыр көчөсүндөгү диаметри 250 мм., узундугу 1248 м. түзгөн канализация түтүгү жана 33 канализация кууру (колодец) Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Талас шаарынын биринчи вице–мэрине (А. Койчубеков) милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысына (А.Сариева ) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов.Р.М.) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |