Загрузка документа…
ТАЛАС ШААДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 281/36-6
Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 31-беренесини 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2016-жылдын 04-августундагы № 01-5/1050 сандуу катынын негизинде, ѳнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык жылуулук ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууда жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын жана Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 19.07.2013 жылдагы № 01-18/949 сандуу буйругунун негизинде текшерилип, аныкталган өндүрүүгө мүмкүн болбогон 5 746 400 сом дебитордук карызын кемитүү менен кредитордук карыздарын толугу менен реструктризациялоо, от казандарын жана жылуулук кетүүчү системаларын (трассаларын) толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү жана Өкмөт тарабынан берилүүчү субцидиялар менен өз учурунда камсыздоо жагын чечүү керектигин эске алып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилбесин жана ишкананы “Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" тутумунда кармоо жагы жактырылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык "Жаңы Багыт" газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин ѳнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Осмонов Н.К.) милдеттендирилсин.
Төрага | А. Джузупбеков |