Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 282 /36-6
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын резервине иш кагаздарын тапшырган талапкерлерди бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7,19,22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө жобосун жетекчиликке алып, Талас шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине иш кагаздарын тапшырган талапкерлердин тизмесин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактоо боюнча макулдук арызы бар жарандары Талас шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндөгү Талас шаардык кеңешинин чечими Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж. Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |