Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 283 /36-6
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адис-статист кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 26.07.2016-жылдагы №01-5/1017 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишими бекитилсин.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адис-статист кызмат ордун келишимдик негизде тартиптештирүү жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясына милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |