Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 284/36-6
Талас шаардык кеңешинин 19.07.2016-жылдагы № 275/35-6 сандуу “Дача” участогундагы 44,7 га жер тилкесин Калба айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Талас шаардык прокуратурасынын 16.08.2016-жылдагы № 11/1-16 чыгыш сандуу Каршылык билдирүүсүн карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин № 275/35-6 сандуу “Дача” участогундагы 44,7 га жер тилкесин Калба айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А.Ж. Джузупбеков |