Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-февралы № 2
«Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен футбол оюнчуларына жана авган күнүнө карата акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Ленинпол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен футбол оюнчуларына жана Авган күнүнө карата акча каражатын бөлүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылындагы футбол оюнчуларына форма алууга жана облустун биринчилигин өткөрүүгө – 40 000 (кырк миң) сом.
2. Авган согушунун катышуучуларынын майрам күнүнө жергиликтүү бюджеттен 46 000 (кырк алты миң) сом жана Москва шаарында өткөн Авган согушунун ветерендарынын 25 жылдык маарекесине катышып келген Бакай-Ата Авган ардагеринин төрөгасы Нурбек Эшеналиевге жол кире чыгымдарын төлөп берүү үчүн 21 202 (жыйырма бир миң эки жүз эки) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
Төрага | Н. Ширдаков |