Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 2
« Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен спортсмендер Кыйлообаев Жанат Болотбекович, Бейшебеков Азат Анаркуловичтер Азия Чемпионатына греко-рим күрөшү боюнча мелдешке катышып келүүгө, жол кире чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Ленинпол айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен спортсмендер Кыйлообаев Жанат Болотбекович, Бейшебеков Азат Анаркуловичтер Азия Чемпионатына греко-рим күрөшү боюнча катышып келүүгө, жол кире чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагынын тургундары, спортсмендер Кыйлообаев Жанат Болотбекович, Бейшебеков Азат Анаркуловичтер Азия Чемпионатына греко-рим күрөшү боюнча мелдешке катышып келүүгө, жол кире чыгымдары үчүн ар бирине 15 000 сомдон, жалпысы - 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |