Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 1
Балдар бакчасы жөнүндө
Ленинпол айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезектеги сессиясы Бакай-Ата айыл аймагындагы балдар бакчлардагы балдардын тамак-ашына жергиликтүү бюджетттен каралуучу суммасы тууралу сунуштарды карап чыгып Ленинпол айылдык кеңешини
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагындагы балдар бакчалардагы балдардын тамак-ашына жергиликтүү бюджетттен ар бир балага 12 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бердалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |