Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 3
“Чоң-Алыш” балдар бакчасын уюштуруу жөнүндө
Бакай-Ата айыл аймагынын жашоочуларынын балдар бакчага болгон муктаждыктарды чечуу максатында Ленинпол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бердике уулу Нарикбай” атындагы орто мектебинин эки кабаттуу имаратын“Чоң-Алыш” балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
2. “Чон -Алыш” балдар бакчасы уюштурулсун.
3. Түзүлүп жаткан “Чон – Алыш” балдар бакчасына материалдык техникалык базасын чыңдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бердалиевке жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |