Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июлу № 3
“Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен К. Мамбеталиевге жана Дж. Калыбаевага Чехия Республикасында боло турган тогуз коргол боюнча мелдешке катышып келүүгө, жол кире чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Ленинполь айылдык кеңеши 2015-жылдын 14-июлундагы кезексиз сессиясында К. Мамбеталиевдин жана Дж. Калыбаеванын кайрылуусун карап чыгып, канаттандыруу масатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Мамбеталиевге жана Дж. Калыбаевага Чехия Республикасында боло турган тогуз коргол боюнча мелдешке катышып келүүгө, жол кире чыгымдары үчүн ар бирине 10,0миң сомдон жалпысы 20,0миң сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |