Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу № 3
«Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтолушу жөнүндө»
Ленинпол айылдык кеңеши 2015-жылдын 11-августундагы кезексиз сессиясында 2015-жылда Ленинполь айылдык кеңешинин депутаттар Султанов Кулматбек Омурбекович 9 жолу жана Оморов Миргазы Кубанычбекович 6 жолу катары менен жүйөлү себепсиз дайыма катышпаганы жөнүндө сунушту талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 24-беренесинин 7-пунктунда, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу” жөнүндө Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 3-статьясынын 13-пунктчасында көрсөтүлгөндөй “Катары менен төрт жолудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себепсиз дайыма катышпагандыгы үчүн ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого укуктуу”. Аталган мыйзамдырды жетекчиликке алып Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленинполь айылдык кеңешинин депутаттары Султанов Кулматбек Омурбекович, Оморовдун Миргазы Кубанычбековичтердин депуттатык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынсын.
2. Токтомдын 1 нускасы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленинполь айылдык кеңешинин этика жана мандат комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |