Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-октябры № 2
« Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Ленинполь айылдык кеңеши 2015-жылдын 29-октябрындагы кезексиз сессиясында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен таза суу түтүктөрүн туташтырууга каралган акча каражатынан калган 329,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү максатында Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен таза суу түтүктөрүн туташтырууга каралган акча каражатынан калган 329,0 миң сом акча каражаты төмөнкүчө бөлүштүрүлсүн:
- Шапак көчөсүнө асфаль төшөөгө - 60,0 миң сом,
- Экологияга – 9,6 сом,
- Бакай-Ата райондук архитектурасына – 17,0 сом,
- Балдар бакчасына, Жанчаров орто мектебине тендер өткөрүү үчүн – 10,0 сом,
- Айылдык кеңешке стулдарды алуу үчүн – 15,0 сом,
- Мектеп, балдар бакчаларга хлор алуу – 10,0 сом,
- Кичи футбол стадионго белгилерди чийүү үчүн – 35,0 сом,
- “Чоң-Алыш балдар бакчасынын” жылытуу системасын оңдоо үчүн – 55,8 сом
- “Чоң-Алыш балдар бакчасына” тамак ашка – 50,0 сом,
- Лескам скваженасына лаборатория өткөрүү – 4,1 сом,
- Адвокат Домахин – 6,0 сом,
- Биометрика – 19,0 сом,
- Шайлоого даярдык жана өткөрүү – 14,0 сом,
- Ар кандай чыгымдар – 23,5 осм
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |