Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-октябры № 6
“Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2015-жылдын электро энергиясынын тарифинин кымбаттаганына байланыштуу кайтарымына каралган 668,7 миң сомду бөлүштүрүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин 2015-жылдын электро энергиясынын тарифинин кымбаттаганына байланыштуу кайтарымына каралган 668,7 миң сомду бөлүштүрүү жөнүндө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы К. Сапаралиевдин билдирүүсүн талкуулап Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы К. Сапаралиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. 2015-жылдын Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн Мектептер бөлүмүнүн 2232 Электро энергия статьясына 401220 сом, балдар бакчасы бөлүмүнө 267480 сом Север Электрого бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы А. Сапаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |