Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 1
«АИД-3 долбоору жөнүндө»
Ленинполь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 16-ноябрындагы кезексиз сессиясында Бакай-Ата айыл аймагында түзүлгөн кокурстук комиссиянын АИД-3 долбооруна ири долбоорго Бакай-Ата айыл аймагындагы Жоламан атындагы паркка аттракцион куруу жана кичи долбоорго Наматбек айылына кичи футбол стадионун куруу сунуштарын карап чыгып Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири долбоорго Бакай-Ата айыл аймагындагы Жоламан атындагы паркка аттракцион куруу бекитилсин.
2. Кичи долбоорго Наматбек айылына кичи футбол стадионунун куруу долбоорлору бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бердалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |