Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 1
«Бюджеттин чыгаша бөлүгү» жөнүндө
Ленинполь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы кезексиз сессиясында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн Наматбек айылынын таза суусуна каралган 496,0 миң сомдун Ленинполь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы № 1 токтому менен бөлүнгөндөн калган 94,5 миң сомду бөлүштүрүү жөнүндө жана статьядан статьяга жылдыруу сунушун карап чыгып Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү 94,5миң сом төмөнкү багыттарга жумшалсын:
2. Бакай-Ата айыл аймагындагы паркка отракцион куруу боюнча проектин АПЗсына – 16,6 миң сом,
3. Чоң-Алыш БСРнин проектисине – 14,4 миң сом,
4. Наматбек айылына кичи футбол стадионунун проектисине – 14,0 миң сом,
5. Чоң-Алыш балдар бакчасынын проектисине – 5,1 сом,
6. МЧСке каралган 2215 статьясындагы 23,0 миң сом 3112 статьясына жылдырылсын.
7. Спорт бөлүмүндөгү спорт форма алуудан калган 31,0 миң сомдун 10,0 миң сому Ачеков спорт мектебин ремоттоо ишине каралсын жана калган 21,0 сому Наматбек таза суусуна каралган 496,0 миң сомдон арткан 44,0 миң сомго жалпы суммасы 65,0 миң болуп кошулсун.
8. Ж. Баратбай орто мектебине 2,0 сомго өрт өчүрүүчү балон жана Б. у. Нарикбай орто мектебине 6,0 миң сомго чатырын жапканга шифер алууга бөлүнүп берилсин.
9. Отунбай көчөсүндөгү прокуратуранын имаратынын тегерегине көчө жарыгын коюууга 6,0 миң сом каралсын.
10. Бакай-Ата айыл өкмөтнүн имаратын жаңы жылга кооздоо үчүн 15,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
11. ЖКХнын кызматкерлеринин ноябрь, декабрь айлары үчүн айлык акылары 84,0 миң сом берилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана турак-жай комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Ширдаков |