ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 3
Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары жөнүндө
Ленинполь айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы кезексиз сессиясында айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларын кыргыз тилинде каблы алуу маселесин карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Укуктук ченемдик актылары” жөнүндө Мыйзамынын 26-беренеси жетекчиликке алынсын.
2. Жергиликтүү калк мамлекеттик тилде гана сүйлөгөндүктөн, айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган Ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |