Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 26 – 24/88
Айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарды каттоо жана калдыктарды сактоочу жайлардын жерлерин аныктоо жөнγндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 13-майындагы № 01-17/504-сандуу катын аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарды каттоо жана калдыктарды сактоочу жайлардын жерлерин аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде төмөндөгү жер участоктор:
- Арал; Чеч-Дөбө айылдарынан 1,5 км аралыкта жайгашкан № 561 контурдан 1 га жайыт жер;
- Кайыңды айылынан 1,0 км аралыкта жайгашкан № 782 контурдан 1 га жайыт жер;
- Нылды; Сары-Булак айылдарынан 1,5 км аралыкта жайгашкан № 88 контурдан 1,0 га жайыт жер катуу тиричилик калдыктарды сактоочу жайлар үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Дүйшөбаевге дайындалсын.
Төрага | З. Абдрахманов |