ТоктомКүчүндө

Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 27-июлундагы № 26 – 24/90 «Мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мыйзам чегинде откөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция27.07.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 27-июлу № 26 – 24/90

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мыйзам чегинде откөрүп берүү жөнүндө

2013-жылдын 9-июлунда № 127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү тартиби жөнүндө” жана Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 25-июль айындагы № 01-17/750 сандуу катын аткаруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандын кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Манас райондук статистика башкармалыгы менен Кайыңды айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишим бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Дүйшөбаевке тапшырылсын.

 

Төрага

З. Абдрахманов