Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 20
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу А. Жунушалиеванын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча билдирүүсун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинде каралган резервдик фондтун беренесинде каралган каражаттын жылдын аягында пайдаланбай калгандыгына байланыштуу 107 500 сом акча каражаты билим берүү тармагынын электр энергиясынын карызына которулуп берилсин.
2. А. Карыпкулов орто мектебинин спорттук залын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Республикалык бюджеттен берилген 1000000 сом акча каражаты өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен калган 72684 сом акча каражаты билим берүү тармагынын электр энергиясына которулуп берилсин.
3. Кара Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Кабылова, бөлүнгөн каражаттарды өз убагында тиешелүү жактарга которуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н. Курманалиева |