Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 44
К.Э. Маматовго “Жайылган айылынын “Ардактуу атуулу”” наамын берүү жөнүндө
Жайылган айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде Маматов Кубатбек Элебесовичке “Жайылган айылынын “Ардактуу атуулу”” наамын берүү маселесин Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагына караштуу Жайылган айылынын социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инфратүзүмүнүн жакшырышына, айыл жана мал чарбасынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымдарын эске алуу менен Жайылган айылынын тургуну Маматов Кубатбек Элебесовичке “Жайылган айылынын “Ардактуу атуулу”” наамы берилсин.
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын
Төрайым | Г.А. Садырова |