Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры № 45
Покровка айылдык аймагына караштуу айылдардагы “Таза Суунун” тарифтерин бекитүү жөнүндө
Покровка айылдык аймагына караштуу Бала-Саруу, Жайылган жана Сөгөт айылдарындагы Таза Суунун тарифтерин бекитүү боюнча айыл тургундарынын чогулуштарынын протоколдорун карап жана талкуулап Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагына караштуу айылдардагы жашоочулардын Таза суу пайдалангандыктары үчүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бала-Саруу айылынын жашоочуларына: Таза суу пайдалангандыктары үчүн жан башына ай сайын 10 сомдон;
- Жайылган айылынын жашоочуларына: Таза суу киргизүү үчүн ар бир кожолукка 1000 сомдон, Таза Суу кирген үй чарбасына ай сайын 200 сомдон;
- Сөгөт айылынын жашоочуларына, Таза суу пайдалангандыктары үчүн жан башына ай сайын 17 сомдон.
2. Токтомдун негизинде иш алып баруулары ИСКАКБ башчыларына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |