Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-июну № 108
“Атайын эсеп боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс долбоорунун кичи гранттар программасынын сынагында, № 4 АОМ Ысык тамактанууну уюштурууга жабдууларды сатып алууга “Туура тамактануу – жакшы окууга күрөө” долбоорун утуп алгандыгына байланыштуу.
Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кичи гранттын суммасы 1 000 000 (миллион) сом киреше бөлүгүнүн атайын эсеби боюнча көбөйтүүгө табылсын 70921-бөлүгү 14411100-беренеси.
2. Чыгаша бөлүгүнүн суммасы 1 000 000 (миллион) сом, атайын эсеп боюнча жабдууларды сатып алууга 70921-бөлүк 3112 – 31122290-беренесине.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саралаев |