Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-июну № 109
“Акча каражатын жылдыруу жана бөлүү жөнүндө”
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс долбоорунун кичи гранттар программасынын сынагында № 4 АОМ ысык тамактанууну уюштурууга жабдууларды сатып алууга “Туура тамактануу – жакшы окууга күрөө” долбоору боюнча 1 000 000 сом (бир миллион) суммасын утуп алгандыгына байланыштуу.
Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Долбоорду колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен долбоорго кошумча төлөөгө 527 500 сом (беш жүз жыйырма жети миң беш жүз) суммасында акча каражаты бөлүнсүн.
2. “№ 1 – АОМ тосмосун капиталдык оңдоо” тендери боюнча үнөмдөөнүн эсебинен акча каражаты “Туура тамактануу – жакшы окууга күрөө” долборуу боюнча № 4 Ак - Суу орто мектебинин ашканасына жабдууларды сатып алууга жылдыруу жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саралаев |